Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Жаза өтөө жайларындагылар өз укуктары тебеленип жатканын айтышууда


БИШКЕК. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңыжер айылындагы №19-колонияда жаза мөөнөтүн өтүп жаткан Саня жана Марат аттуу айыпкерлер “Азаттыкка” телефон чалып, Ички аскер кызматынын автомат менен куралданган жоокерлери колонияны курчап турганын маалымдашты. Алар Жаза өтөө башкармалыгы тарабынан көрүлгөн мындай иш чара жазалануучулардын жарандык жана Констиуциялык укугун тебелегендик катары баалашууда.

- Алар кечээ кечинде колониянын администрациясын алып кетишкен. Демек, алар бул акцияга күн мурунтан даярданышкан. Азыр биз тосмолорду коюп, коргонууга даярданып жатабыз.

Ал эми президенттин алдындагы адам укукгун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, ички аскер бөлүктөрүнүн колонияларды көзөмөлгө алып туруусу жана №31 колонияда тартип орнотуу үчүн аскердик иш аракеттер жаза өтөө жайларынадагы айыпкерлердин укугун тебелегендикке жатпайт, ал жердегилер мыйзам боюнча Жаза өтөө башкармалыгынын талаптарын жана эрежесин сактоолору зарыл.

XS
SM
MD
LG