Куш ылаңынын АКШда жайылбашы үчүн жана башка окшош оорулардын алдын алуу максатында президент Жорж Буш жети миллиард 100 миллион доллар бөлдү: "Оорунун пандемиясы башталса, анын кесепеттери оор болот, аны эч бир өлкө тана албайт жана биздин мамлекет тийиштүү чара көрүш керек. Ар бир мамлекет мындай ооруларды токтотуу үчүн жооптуу", - деп бидирди Буш кечээ күнү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтарына караганда, жакын арада куш ылаңы Украина менен Грекияда катталышы мүмкүн.