Казакстандын президенттик кызматына талапкер Жармахан Туякбайды колдоо тобунун башчысынын орун басары Елена Никитинанын 14 жаштагы кызы Оксана Никитина дүйшөмбү күндөн бери дайынсыз жок. Елена Никитина кызы саясий себептерге байланыштуу жоголуп жатканын да жокко чыгара албасын билдирүүдө:
- Кызым жоголоордун алдында мага телефон чалуулар болуп, милициядан кишилер келип кызматташууну сунушташкан. Aлар штабда эмне болуп жатканы жөнүндө маалымат берип турушумду каалашкан.
Маалыматка караганда, окуя жана ага тиешеси бар шектүү адамдар тууралуу тартип коргоо органдарына кабарланды. Бирок алардан жооп боло элек.
Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады