Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Багдадда жардыруудан ондогон адамдар каза болду


Багдадда 2-ноябрдагы үч жардыруудан он бир атуул каза болду. Бул күнү ошондой эле Анбар провинциясында америкалык тик учак катастрофага учурап, андан эки аскер набыт болду. Ал эми Ирактын өкмөтү Саддам Хусейндин тушундагы аскер кызматындагы адамдарга кайрылып, жаңы армиянын катарына туруп, кызмат кылууга чакырды. Ирактагы мурунку америка администрациясынын башчысы Пол Бремердин буйругу менен Саддам Хусейндин аскери 2003-жылы таратылган эле. Акыркы маалыматтар боюнча, Багдаддын түштүгүндө шииттер отурукташкан Мусаииб деген жерде дагы бир жардыруу болуп, андан 20 адам каза болду.

XS
SM
MD
LG