Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:48

Голландия режиссер Тео ван Гогдун өлүмүнүн бир жылдыгын белгиледи


Голландиянын борбору Амстердам шаарында жүздөгөн адамдар чогулуп, кинорежиссер Тео ван Гогдун өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгын эскеришти. Ал өткөн жылы диний экстремисттин колунан каза тапкан. Аза күтүү митингисинде Голландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде сөз сүйлөп, режиссердун өлтүрүлүшү менен тынчтыкты сүйүүсү жана толлеранттуулугу менен айырмаланган Голландиянын бейнесине шек кеткенин белгиледи. Диний фанатик Мохамад Буйери ислам мыйзамдарын сындаганы үчүн Тео ван Гогду өлтүргөн. Сот Буйерини өмүр бою абакка отургузуу өкүмүн чыгарган.

XS
SM
MD
LG