Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Таласта адам аткезчилиги талкууланды


ТАЛАС. Жыйында адам сатууга каршы Кыргызстанда 2002-жылы кабыл алынган мамлекеттик программа түзүлгөнү, Улуттук кеңеш жакшы иш жүрүзө албагандыгы айтылды. Натыйжада азыркы мезгилде 2006-2008-жылдарга эсептелген жаңы долбоор түзүлүп, ал коомдук талкуудан өтүп жатат. Ушул маселеге арналган жыйында адам сатууга каршы иш чараларды мурдагыга окшоп жогортон эмес, төмөнтөн аныктоо бир топ натыйжалуу болот, деген пикирлер айтылды. Жыйынга адам сатууга тиешеси бар өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү гана катышып, укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келе алышкан жок. Миграция боюнча эл аралык уюму менен “Винрог” өкмөттүк эмес уюму өткөргөн талкууда Талас облусунан да Казакстан, Орусия, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрүнө алдамчылык менен сатылып кеткен, же иштеп келебиз деп кайра келе албай жаткан жарандар бар экендиги маалым болду. Адам сатууга бөгөт коюу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аткаруучу иштердин багыты аныкталды.

XS
SM
MD
LG