Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Апас Жумагулов Грузиядагы элчилик милдетти да кошо аткарат


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Апас Жумагулов эки ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Грузиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Президенттин дагы бир жардыгы менен Турдали Орозбаев Орусиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган Екатеринбург консулдук округундагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп дайындалды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматынан 2-ноябрда кабарлашты.

XS
SM
MD
LG