БИШКЕК. Анын айтымында , түрмөдөгү кырдаалды иликтөө боюнча бийлик түзгөн атайын комиссия жана ага кошумча Жогорку Кеңештин комиссиясы иштеп жаткан учурда бийликтин күч колдонушу туура эмес болду. Анткени тергөө, изилдөө иштери бүтүп, сот чечимин чыгарышы керек эле. “Эгерде өлкөдө Констиуция, мыйзамдар иштебейт, биз каалаганыбызды кылабыз десе башка кеп эле, бирок баш мыйзамды эч ким жокко чыгарган жок, мыйзамдар иштеп жатат. Конституцияда кыргызстандын аймагында адам укуктары жана эркиндиктери сакталаары жазылган” – деп белгиледи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 2-ноябрда “Азаттыкка” берген маегинде.