БИШКЕК. “31-колонияга 20-октябрда кылмышкерлер менен сүйлөшүүгө премьер-министр Феликс Кулов мени менен макулдашып, анан барган” - деп билдирди президент Курманбек Бакиев 2-ноябрдагы маалымат жыйынында. Анын айтымында, ал жакка өкмөт башчы баргандан кийин бул окуяны саясатташтырып жиберишти. “Премьер-министр колонияга укук коргоо органдарына жардам бериш үчүн барган” дейт президент. Эскерте кетели, 20-октябрда абактагылардын жашоо-турмушу менен таанышуу үчүн барган жеринен Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, анын жардамчысы, парламенттин эксперти атып өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерге барган премьер-министрди бул кылмышка тиешеси бар деген пикирлер айтылып, каза болгондордун жакындары өкмөт башчынын отставкасын талап кылып, бир нече күн пикетте турушкан.