Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

ЖАҢЫ БИЙЛИК МАДАНИЯТКА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРАБЫ?


Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн баштап маданият тармагына, профессионалдык искусствого мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулбай, жүздөгөн маданият үйлөрү, китепканалар талоонго учурап, музыкалык мектептер жабылууга дуушар болгон. Ал эми жакында кайрадан түзүлгөн маданият министрлиги айыл маданиятын көтөрүүнү жана анын укуктук нормативдик базасын түзүүнү көздөөдө. Көркөм өнөр ээлеринин кесиптик күнүндө жаңы өкмөт жалпы улуттук маданиятка өзгөчө маани бере тургандыгы белгиленди.

2-ноябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, ага республиканын чар тарабынан келген маданият кызматкерлери, көркөм өнөр чеберлери катышты. Маданият кызматкерлери жаңы өкмөттүн маданият министрлигинин кайрадан түзгөнүн, руханий байлыкты байытууга жана улуттук дөөлөттөрдү сактап калууга жасаган кадамы катары баалашууда.

Талас облусунун маданият башкармалыгынын башчысы Кубан Эстебесовдун пикиринде:

- Маданият министрлигинин кайрадан түзүлүшү келечектен көп-көп нерселерди үмүттөндүрүп атат. Себеби дегенде, эң көйгөлүү маселелердин бири - айыл жерлериндеги маданиятты көтөрүү иши. Өзүңөргө белгилүү болгондой, кийинки 15 жыл аралыгында айылдык маданият үйлөрү, китепканалар кароосуз калып, өздүк көркөм чыгармачылык жамааттары жоюулуп кеткен. Эми ошолордун баарын калыбына келтириш керек. Бул багытта министрликтин аткара тураган иштери көп. “Маданияты жок улуттун келкечеги жок”, деген ураанды кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүш керек.

Маданият министри Султан Раев министрликтин алдыда аткара турган иштери тууралуу буларга токтолду:

- Маданият министрлиги алдыда аткара турган негизги үч маселеге көңүл бурат. Биринчиден, айыл маданиятын көтөрүү, экинчиден, профессионалдык искусствону реформалоо, үчүнчүдөн, маданият тармагынын укуктук нормативдик базасын түзүү.

Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүндө «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын актрисасы Бурул Мамытова алыскы облустарда маданият тармагы боюнча окумал адистер жетишпегендигин билдирди.

- Алыскы облус, райондордогу маданият тармагында жашы улгайган адамдар эле иштеп калышты. Окумал жаш адистерге жергиликтүү бийлик шарт түзүп бербегендиктен алар борборго кетип калышууда. Эми жаңы министрлик жаш кадрларга да көңүл буруп, алыскы жерлерге билимдүү жаштарды жиберип, облустук театрдын, маданият үйлөрүнүн жамаатын толукташы керек.

Акыркы мезгилде хор жанрына көңүл бурулбай калды. Ар бир облус, район, шаарлардагы өздүк көркөм хор коллективдери жоюулуп кетекен. Опера-балет театрынын башкы хормейстри Карагул Тиленчиев бул тууралуу мындай дейт:

- Искустводогу хор жанры абдан кызыктуу да, татаал да жанр. Бизде хорго көңүл бурулбай калгандыктан канчалаган коллективдер жоюулуп кетти. Эми бул ишти кайра жандандырып, колго алыш керек.

Хор жанры сыяктуу эле балет искусствосу да жоголуп кетүү коркунучунда. Классикалык үлгүдө тарбия алган талантуу жаштар эмгек маянасынын аздыгынан чет мамлекеттерге кетип калууда.

Ошондой эле вокалдык искусствого да маани берилбей, мыкты таланттар башка кесиптерге өтүп кетүүдө. Эл ырчысы Анарбек Ибраевдин пикиринде:

- Табийгатынан таланттуу жаштар консерватория, искусттво институтуна келип, ырчылык өнөрдү өздөштүрүшөт. Анан алар окууну бүтүп иштейин десе алган маянасы кара жанына жетпейт. Мыкты жаш ырчылар башка өлөлөргө кетип калышкан учурлар болду. Айрымдары башка кесипке өтүп кетишти. Ырчылык өнөрдү күлүк атты таптагандай таптабаса жок болуп кетет. Ошондуктан кыргыздын мыкты ишкер жигиттери талантту жаш ырчыларга демөөрчүлүк кылып колдоого алышса, жалпы журт үчүн жакшы иш кылат эле. Өнөр улуттун жүзү. Бекеринен тарыхта меценат деген ат менен мыкты-мыкты адамдардын ысымы калбаса керек. Тарыхта ашкан бай адам болчу деген инсанды кезиктире элекмин.

Сүрөттө: "Сахна" жаштар театры "Кожожаш" спектаклин коюп жаткан учурдан көрүнүнүштөр
XS
SM
MD
LG