Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Америкалык конгрессмен Украинага каршы чектөөнү алып салууну сунуш кылууда

АКШ Конгрессинин мүчөсү Курт Уэлдон кечээ күнү Вашингтон шаарында өткөн конференцияда чыгып сүйлөп, мурдагы СССРге каршы 1974-жылы кабыл алынган Жексон-Вэниктин чектөөсүн алып салууну сунуш кылды. Анын айтымында, андай аракет менен Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу жолунда орчундуу тоскоолдук жоюлат. Конференцияга Украина премьер-министри Юрий Ехануров дагы катышты. Ошол эле күнү Ехануров мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен дагы жолугуп, уюмга мүчө болуп кирүү маселесин талкуулады.
XS
SM
MD
LG