Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

Террорчулуктан күнөөлөнгөн туткундарды АКШ дүйнөнүн ар башка аймагында кармоодо


АКШнын "Вашингтон пост" гезити кечээ күнү жарыялаган маалыматка караганда, өлкөнүн Борбордук чалгындоо агенттиги террорчулуктан күнөөлөнүп кармалган туткундарды жашыруун абактарда кармайт, андай абактар дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде жайгашат жана алардын айрымдары - демократиялык деп эсептелген Чыгыш Европа жумурияттарынын аймагында. Андай жашыруун абактар мындан төрт жыл мурда эле пайдаланыла баштаган. АКШ өкмөтүнүн өкүлү Скотт Маклеллан кечээ күнү бул маалыматты тастыктап же четке кагуудан баш тартты, Борбордук чалгындоо агенттиги дагы кандайдыр бир маалымат бере албастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG