Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Президент саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө ыраазы эмес


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев саясий партиялардын шайлоого катышуу шарттары Конституцияда көрсөтүлүшүн жактабайт. Мындай пикирин ал 2-ноябрда журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн айрым сунуштарын эске алып билдирди. Анын оюнда, бул укуктарды Шайлоо кодекси аныкташы керек. Президент Кыргызстанга бардык аймактарды, улуттарды, жаштарды, аялдарды камтыган, өлкө аймагында эле эмес, КМШ аймагында да мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого жарамдуу, абройлуу жана кубаттуу партия керек деп эсептейт. Ал эми премьер-министр Феликс Куловдун пикиринде, партияны күчтөндүрүү үчүн мамлекет колдоого алып, мамлекетти башкаруудагы саясий партиялардын ролун Конституция аркылуу бекемдөө керек. Учурда Кыргызстанда 50 чакты саясий партия бар экендиги айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG