БИШКЕК. 3-ноябрда №1 колонияда жазасын өтөп жаткандардын бири “Азаттыкка” телефон чалып, бул абакка ички аскер күчтөрү чабуул жасоого даяр турушат, деп билдирди. Анын айтымында, абактагылардын колунда курал-жарак жок, бирок нан кескен бычактар бар. Соттолгон адам, абактагылар бийлик менен сүйлөшүүгө барууга жана бычактарды тапшырууга даяр экендигин маалымдады.
Юстиция министри Марат Кайыповдун билдиргенине караганда, бир нече колониялар менен баңги заттарын, курал-жарактарын тапшыруу жана ачкачылыкты токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Эгер бул абактагылар өз эрки менен курал-жарактарын тапшырбаса анда күч колдонулат”, - деди Марат Кайыпов.
Жаза аткаруу башкармалыгы орозо айт күнүнө карата чабуул жасоону убактылуу токтотту.