Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Борбордук аянтта орозо айт намазы окулду


БИШКЕК. 3-ноябрда Кыргызстандын аймагында мусулмандардын орозо айт майрамы белгиленип, баш калаада жана жер жерлерде айт намазы окулду. Бул күнү Бишкектеги борбордук “Алатоо” аянтында миңдеген мусулмандар айт намазына жыгылышып, куран окуп, дуба кылышты. Бул диний иш чарага президенттин администрациясынан, шаардык мэриядан, АКШ, Кытай, Пакистан, Түркия, Ирандын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышып, мусулмандардын ыйык күнү менен куттукташты. АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Дональд Лу:

- Ассолоом алейкум, урматтуу мусулмандар! Бүгүн бүт дүйнөнүн мусулмандары сыйынуу, орозо тутуу жана ыйык китептерди окуу менен кудайга жакын болууга умтулушат. Бүгүн биз ошол жакшы сезимдерде сиздер менен бирге болуп турабыз.

Дональд Лу ошондой эле, Пакистан менен Түндүк Индиядагы зилзаладан жабыр тарткандарга кыргыз эли рамазан айында жардам көрсөткөндүгүн белгиледи. Ал эми Кыргызстан дин башкармалыгынын башчысы муфтий Мураталы ажы Жуманов калкты ынтымакка, ыймандуулукка үндөдү.

XS
SM
MD
LG