Эл аралык кызыл чырым коому террорго тиешеси бар деп шектелгендер кармалган бардык абактарын текшерүүгө уруксат берүүго АКШны чакырды. Кызыл чырымдын өкүлү Антонелла Нотари абактагыларга кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу коом үчүн өтө маанилүү маселе экенин белгиледи. Кызыл чырым коому мындай чакырыкты «Вашингтон пост» гезити Американын Борбордук чалгындоо кызматынын террорго байланышы бар деп шектелгендерди кармоочу сегиз жашыруун абагы чет өлкөлөрдө бар деп жазгандан кийин жасады. Акүйдүн өкүлү Скотт Маккеллан гезиттеги маалыматты ырастоодон да, төгүндөөдөн да баш тартып, чалгындоо маселесине байланыштуу эч нерсе айта албасын билдирген.