Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу кезектеги сүйлөшүүлөр 9-ноябрда башталат


9-ноябрда Пекинде алты өлкөнүн катышуусу менен Түндүк Кореянын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги 3-ноябрда маалымдады. Сүйлөшүү Түндүк Кореянын атомдук программасын токтотуу, анын ордуна жардам жана коопсуздук кепилдигин берүү жөнүндө болмокчу. Кытай, Жапония, Орусия, Америка жана эки Корея мамлекети катышкан сүйлөшүү 2003-жылдан бери жүрүп келатат.

XS
SM
MD
LG