Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:27

Хьюман райт уотч Азербайжандын шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр кеч киргизилгенин билдирүүдө


Хьюман райт уотч уюму Азербайжандын шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр өтө ченемдүү киргизилди жана ал өтө кечигип жасалды деп билдирди. Азербайжан парламенти жакында кабыл алган мыйзамга ылайык, 6-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого чет өлкөлөрдөн каржыланган жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар байкоо жүргүзө алат. Андан сырткары азери парламенти да Кыргызстандагыдай добуш берүүгө кирүүдө шайлоочулардын бармагына белги койууга, паспорттон башка документ менен шайлоого катышууга жол ачты. АКШ бул өзгөрүүлөрдү кубаттаса, Хьюман райт уотч уюму шайлоонун адилет өтөөрүнө шектенип, ага мисал катары маалымат каражаттарынын өкмөтчүлдүгүн, оппозиция лидерлеринин камалышын айтууда.

XS
SM
MD
LG