"Хюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюмдун айтымында, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги колго түшүргөн жана террорчулукка шектелген адамдар Польша же Румыниянын аймагындагы жашыруун абактарда кармалган болуш керек. "Вашингтон пост" гезити 2-ноябрда жазып чыкканга караганда, бардыгы болуп сегиз андай жашыруун абак пайдаланылган жана алардын бири - Чыгыш Европа мамлекеттеринин биринде жайгашкан. Армения, Болгария, Грузия, Латвия, Литва, Польша, Румыния, Мажарстан жана Чехия андай маалыматты четке какты, Европа Биримдиги болсо атайын иликтөө жүргүзүүгө даярданууда.