Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

АБАКТАРДАГЫ АБАЛ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарактарын тапшырбаса, алар турган абактарга чабуул жасалаары тууралуу Жаза өтөө мекемелер башкармасынын башчысы тарабынан эскертилген. Бул иш-чараны токтото турууга ыйык рамазан айы жана орозо айт майрамы себеп болгондугу да маалымдалган. Андыктан, 2-ноябрь күнү айрым абактарга чабуул жасалышы мүмкүн деген сарсанаадан улам айрым абактарда кыйла тынчсыздануу байкалды. Бирок эч кандай чабуул аракети да байкалган жок.

Нурик аттуу жигит өзү жаткан Бишкек шаарынын абагындагы кырдаалды "Азаттыкка" телефон аркылуу мындайча сүрөттөдү:

- Биздин абакта 1700дөй киши бар. Баарыбыз тең ачкачылык жарыялаганбыз. Эки күндөн бери эле мына-мына штурмга киребиз (чабуулга өтөбүз) деп атышат. Сыртта 200дөй аскер турган. Бүгүн алар көрүнбөйт. Батальонго киргизип коюшкан го. Ал батальөн бизге жап-жакын. Буйрук болсо эле, алар он мүнөттө эле (жетип) келе калышат.

Андан соң "Нурик" тапшыра турган курал-жарактар аларда жок экендигин белгилеп, абактарга чабуул жасоо ниетине каршы жарыяланган ачкачылык Кыргызстандын бир катар абактарына жайылып кеткендиги тууралуу өз оюндайча айтты:

- Телевизордон айтышпадыбы – бычак-куралдарды бүт тапшыргыла деп. Бизде курал жок дегеле. Алар болсо «((Курал) бар силерде, тапшыргыла!» деп талап кылып жатышат. Аялдардын зонасындагы жашы жетпегендерден бери, Жалалабат, Ош… бүт бардык абактарда (күтүлгөн) чабуулга каршы ачкачылык жарыялашты. Кыргызстан боюнча 17 миңдей адам абакта болсо, негизинен баарысы катышууда.

Ал эми биринчи ирет соттолгондор жайгашкан абактагы кырдаалды Марат аттуу жигит мындайча баяндады:

- Азырынча баары тынч. Ачкачылык бизде да уланууда. Абак жетекчилиги сыртта. Ичке кире албай турушат. Бул жерде 397 адамбыз. Ашканабыз иштебейт.

Марат алардын абагында да курал жоктугун жана тинтүү иш чарасынан чочулап жатышкандыгын кошумчалады:

- Бизде курал-жарак жасоочу станок (жабдуу) таптакыр жок. Анын үстүнө бул жерде биринчи соттолгондор (гана жайгашкан). Курал-жарак, тигиндей-мындайдан дээрлик алыс адамдар (мында кармалат). Теледен "спецназ" киргизилет деп жарыяланып жатпайбы. Маселе – ошол тинтүү кандай жүргүзүлүшүндө. Буюм тургай, адамдарды уруп-жанчып, (бул чара) варварлык мүнөздө өтүшү мүмкүн…

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров болсо жума күнү абактарга чабуул жасалбагандыгын төмөндөгү жүйөөлөргө байланыштырды:

- Биздин начальниктин (абак башчысынын) кайрылуусунан кийин камактагылар тыюу салынган курал-жарактарын тапшырып атышат. Аз-аздан. Айрым жерлерде тынч түрдө ачкачылык уланууда. Ачкачылык жарыялагандар да, жарыялабагандар да бар. Аларга зордук-зомбулук көрсөткөн эч ким жок. Жалпы баш-аламандык таптакыр байкалбайт. Мындай учурда кайсы чабуул жөнүндө сөз болушу мүмкүн – (абактагылар) куралдарды өз эрки менен тапшырып атышса…

Сергей Сидоров ошол эле кезде куралдарын тапшырбагандарга катуу чара көрүлөөрүн да эскертти:

- Ал эми буйрукту аткарбагандарга, өлкө Президенти айткандай, күч колдонулат!

Атайын иш чаралар жасалбаганы менен, абактагыларга талап аябай күч экендигин Адилет министри Марат Кайыпов да белгилеп өттү:

- Чабуул болгон жок. Анткени биз сөз менен түшүндүрүп, ынандырып… курал-жарактарын өз эрки менен тапшырсын деп жатабыз. Тинтүүгө шарт түзүп берсин деп жатабыз. Эгер биздин кызматкерлердин өмүрүнө, денсоолугуна зыян кыла турган болсо, баш ийбесе, анда күч колдонобуз деп жатабыз.

Абактардагы тымызын тирешүү, чыйралган чыңалуу дале жана элек.

XS
SM
MD
LG