БИШКЕК. Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин рамазан айынын аякташы менен өлкө башчысы Курманбек Бакиевге куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 4-ноябрда билдиришти. Куттуктоодо ислам дини жалпы адамзат үчүн рухий байлык болуп эсептелип, ислам цивилизациясына жана дүйнөлүк маданий казынага кошкон салымы белгиленген. Рамазан айы көп улуттуу Орусия менен Кыргызстан элинин достугун чыңдап, эки тараптуу кызматташууну бекемдээрине ишеним артылаары айтылган.