БИШКЕК. 5-ноябрда Бишкекте Конституциялык кеңешменин кезектеги жыйыны өтөт. Анда баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча талкуу улантылат. Бул тууралуу 4-ноябрда Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары Айдар Керимкулов билдирди. Анын айтымында, бул күнү негизинен мамлекеттик башкаруу системасы, президентти шайлоо мөөнөттөрү, сот, шайлоо системаларына байланыштуу талкуу болуп, ой-пикирлер айтылат. Андан соң, 10-ноябрда Конституциялык кеңешме тарабынан баш мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштала турган долбоор элдик талкууга коюлат. Башкача айтканда, долбоор маалымат каражаттарына сунушталат. Ал эми Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолор референдум аркылуубу, же Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилеби – азырынча белгисиз.