Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Жаза өтөө жайларында тыйуу салынган буюмдар тапшырылууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларынын баарында мыйзамда тыйуу салынган буюмдар соттолгондор тарабынан тапшырылууда. Бул тууралуу жазаны аткаруу башкармалыгынын начальниги Капар Мукеев 4-ноябрда маалымат жыйынында билдирди:

- Мына бүгүн бычак жана башка буюмдарын түрмөлөрдө берип жатышат. Биз да макул деп, дагы бир күн күтөлү дедик. Бирок эртеңки күнү алардын баарын дагы бир ирет текшерип койолу деп атабыз, өзүбүздүн көзүбүз менен көрүп. Биз катуу чараларды колдонобуз, бирок акыйкат иш жүргүзөбүз.

Капар Мукеевдин айтымында, жаза өтөө жайларындагы текшерүүлөр мыйзам чегинде жургүзүлөт. Буга чейин жазаны аткаруу башкармалыгынын начальниги бардык жаза өтөө жайларында соттолгон адамдар бычак, чөнтөк телефон жана башка буюмдарды тапшырсын деген буйругун чыгарган.

XS
SM
MD
LG