Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:53

Айрым абактарда ачкачылык уланууда


БИШКЕК. Алар бийликтен абактагы жашоо шартын жакшыртууну талап кылышып, Жаза аткаруу башкармалыгынын 1-ноябрда №31-колонияга жасаган атайын операциясын айыпташууда. Новопокровкадагы №3 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, атын атабоону өтүнгөн айыпкер буларга токтолду:

- №3-колониядагы1700 адам ачкачылык жарыялап отурабыз. Ички аскер күчтөрү атайын операцияга даяр турушат.

Ал эми Жаза аткаруу башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров учурда жаза өтөө колониясындагылар курал жана кесүүчү курч буюмдарды тапшырып жатышканына байланыштуу аларга атайын күч колдонуу операциясы азырынча токтотулгандыгын билдирди:

- Бизде күч колдонуу аракети жок. Жаза аткаруу башкармалыгынын башчысынын кайрылуусунан кийин айыпкерлер тыйуу салынган куралдарды тапшырып атат. Айрым жерлерде ачкачылык жарыялагандар бар. Ал эми массалык баш аламандык жок.

XS
SM
MD
LG