Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Аргентинада антиамерикалык демонстрация тополоң менен аяктады


Аргентинанын Мар Дел Плата шаарында болгон антиамерикалык демонстрация маалында акциянын катышуучулары полиция менен мушташты жана дүкөндөрдү талап-талкалашып, бир банкка өрт коюшту. Шаарда жума күнү Американын 34 өлкөсү, анын ичинде АКШ президенти Жорж Буш катышкан 2 күндүк жыйын башталды. Жыйын алдында Буштун Америкада эркин соода зонасын түзүү сунушуна каршы тынч демонстрация өтүп, ага Венесуэланын президенти Хюго Чавес, аргентиналык атактуу футболист Диего Марадоно катышкан.

XS
SM
MD
LG