Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Жаңгак уюлдарын уурдоо күч алууда


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун жаңгак токойлуу Базаркоргон, Ноокен жана Аксы райондорунда 200 жылдык жаңгактарда сейрек болуучу уюлдар менен жаңгактарга кол салуу улантылууда. Облустук өсүмдүктөрдү коргоо инспекциясы белгисиз адамдар таштай качышкан 3 тонналык уюлдарды колго түшүрдү. 5 уюл Ноокен районундагы чегарасы такталбаган кыргыз-өзбек аймагында жатат. Облустук комиссия сатууга мыйзамдуу жана уруксатсыз даярдалган 60 уюлду облустун аймагынан чыгарбоого буйрук чыгарды. Комиссиянын башчысы Жаныш Курбановдун билдириши боюнча, уюлдар менен бирге түшүм берүүгө жарактуу жаңгактар да кыйылып, токой уурулугуна тармактык адистердин өз ишине кайдыгерлиги жана уурулукка мамлекеттик кызматчылардын, тартип, укук коргоо уюмдардын катышуусу себеп болууда. Коомчулуктун пикири боюнча, жаңгак уюлдары көбүнчө ууру жолдор аркылуу Өзбекстанга өткөрүлүп берилет.

XS
SM
MD
LG