БИШКЕК. Маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин агасы Рысбек Акматбаев жана анын жан жөкөрлөрү өкмөт башчы Феликс Куловдун айдоочусу Аслан Бутешовду кармап алышып, шаардын чекесине алып барышып, ур-токмокко алышкан. Ошондой эле алар айдоочуну тапанча менен атып өлтүрүүнү көздөшкөн, бирок Асалан Бутешов алардан качып кутулган. Бул тууралуу учурда Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан Аслан Бутешов тартип коргоо органдарына берген көрсөтмөсүндө айтып берген. Аслан Бутешов берген көрсөтмө тартылган видео тасманы өкмөттүн маалымат кызматы 5-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттарына таратты. Ошондой эле жабырлануучунун ата-энеси баласын айоосуз кыйнаган Рысбек Акматбаевди жоопко тартууга Баш прокуратура санкция бербей жаткандыгын айтышып, жогорку бийликтен Рысбек Акматбаевди кармап, түрмөгө кесүүнү талап кылган.
Жогорудагыдай маалымат боюнча Рысбек Акматбаевдин пикирин алуу аракетибизден жыйынтык болгон жок. Ал эми маркум Тынычбек Акматбаевдин тууганы, «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналивдин пикиринче, мындай маалымат өкмөт башчы Феликс Куловдун буйругу менен атайылап эле уюштурулушу ыктымал.