Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Мамлекет башчы Кыргызстанда чыныгы президенттик мамлекеттик башкаруу болушун колдойт


БИШКЕК. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Кыргызстанда АКШдагыдай чыныгы президенттик башкаруу ыкмасы болуусун каалайт. Мындай пикирин ал Конституциялык кеңешменин 5-ноябрда Бишкекте өткөн жыйынында билдирди:

- Ачык айтайын, урматтуу туугандар! Мен өкмөт башчы болуп иштегемин. Биздин өлкө кичине өлкө. Бизге президенттик админстрация менен өкмөттүн кереги жок. Бир эле адам өкмөттү жана мамлекетти жетектесе жакшы болот. Ошондо жалпы эл шайлаган президент жалгыз өзү өлкө экономикасына жооп берет. Болбосо президент бир нерсе болсо эле өкмөттү кызматтан кетирип коюп, өзү таптаза болуп отура берет. Эч кандай жоопкерчилик тартпайт.

Ошондой эле мамлекет башчы президенттик шайлоого чейин Кулов-Бакиев тандеми түзүлгөндүгүн, эгерде Конституциялык реформанын жыйынтыгында чыныгы президенттик башкаруу түзүлсө, коомчулук мындай кадамды туура эмес түшүнүп калаарын, ошондуктан мындай чечимди жакшылап ойлонуп туруп кабыл алуу керектигин кошучалады.

Чыныгы президенттик башкаруу учурунда бир эле адам мамлекетти жана өкмөттү жетектейт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG