Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Азиз Батукаевдин туугандары Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты


БИШКЕК. “Кылмыштуу дүйнөнүн авторитети” деп аталган Азиз Батукаевдин жакын туугандары 5-ноябрда Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты. Алар аткаруу бийлигине төмөндөгүдөй талаптарды коюшту:

- Мен өзүмдүн агамдын кайда экендигин билгим келет. Агам менен төрт аял, бир жаш баланын кайда экендигин билбей жатабыз. Биз аткаруу бийлигинен туугандарыбыздын кайда экендигин жана аларга адвокат киргизүүсүн талап кылып жатабыз, - деди Азиз Батукаевдин карындашы Азиза Батукаева.

Күч органдары түрмөлөрдө орун алган баш аламандыктан улам 1-ноябрда номур 31-түрмөдө отурган Азиз Батухаевди башка жакка алып кеткен. Ал эми юстиция министри Марат Кайыповдун маалыматына караганда, учурда Азиз Батукаев Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалууда. Ошондой эле Марат Кайыпов учурда тергөө жүрүп жаткандыгын жана жакын арада Азиз Батукаевге анын адвокаты жана туугандары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG