Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Конституциялык реформанын долбоору 10-ноябрда элдик талкууга коюлат


БИШКЕК. Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору 10-ноябрда жалпы элдик талкууга коюлат. Мындай сунушту Кеңешменин 5-ноябрда Бишкекте өткөн жыйынынын катышуучулары колдошту. Бул күнкү жыйынга мамлекет башчы Курманбек Бакиев катышып, сөз сүйлөдү. Анын айтымында, Баш мыйзамдын долбоору 25-декабрга чейин коомчулук тарабынан талкууланат. Андан соң Жогорку Кеңеш же референдум аркылуу кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG