Ырасмий Тегеран эки жактын макулдашуусуна ылайык, Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Иранга болчу визитин кийинге калтырганын билдирди. Мурдараак БУУнун өкүлү “учурдагы карама-каршылыктарга” байланыштуу Аннан пландалган визиттен баш тартканын айтып, ага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежаддын Израилди “картадан өчүрүп салууга” чакыруусу себеп болгонуна ишаара кылган.