ТАЛАС. Карабуура районундагы бийик тоолуу Шекер айылында бизнес инкубатор борбору ачылды. Өрөөндөгү бийик тоолуу айылдардын эсебине кирген Шекер айылы Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлигинин колдоосуна ээ боло турган айылдардын тизмесине киргизилди. Тоолуу айылдарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында эми Шекерде бизнес инкубатор борбору иштеп, жергиликтүү элдин социалдык жашоо-шартын жакшыртуу боюнча бир нече багытта иш жүрөт. Өрмөк өрүү, куракчылык, кийизден жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары жергиликтүү жана эл аралык жарманкелерге жөнөтүлөт. Чийден, тал-теректердин бутактарынан токулган буюмдарды жасап сатуу колго алынат. Бул боюнча жыйырмадан ашуун адам атайын окуулардан өтүшүп, “Элнур” өкмөттүк эмес уюмуна баш кошушкан. Мындай борбор буга чейин Манас районундагы Арал, Талас районундагы Көпүрөбазар айылдарында ачылып, ийгиликтүү иш жүргүзүп келүүдө. Борбор Шекердеги эски мектептин имаратында 6-ноябрь күнү ачылды жана аны учур талабына ылайыкташтырууга Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги атайын каражат бөлүп берген.