Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Жалалабат облусундагы саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар айыл өкмөттөрүн шайлоого даярдык көрүшүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын облустагы бөлүмү ар бир айыл өкмөт башчылык кызматка бирден талапкерлерди сунуш кылаарын билдирди. Облуста 60 айыл өкмөт башчысы кайра шайланат. Партия андан сырткары 18-декабрда болуучу айыл, поселоктук жана райондорго баш ийген шаар башчыларын шайлоо жараянын көзөмөлдөөгө 140 байкоочусун даярдайт. Мындай маалымат партиянын облустагы төрагасы Ашым Чатаевден алынды. “Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажанов айыл өкмөт башчы шайлоосуна партиянын атынан 400 талапкер көрсөтүлөөрүн маалымдады. Облустун жети шаар районундагы айыл шаар башчысынын талапкерлигине “Ата Мекен” партиясы жүздөгөн өкүлдөрдү сунуш кылат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустагы өкүлчүлүгү шайлоону көзөмөлдөөгө кыска мөөнөттөгү байкоочуларды даярдоого жаңырган аптада киришет. Коалициянын узак мөөнөттөгү байкоочулары №20 Аксы шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого да даярдыктарды көрүшүүдө. Алардын билдирүүсүнө ылайык, аймакта мыйзам бузуулар катталган жок.

XS
SM
MD
LG