БИШКЕК. 6-октябрда Бишкекте Борбор Азия экономикалык кызматташтыгына мүчө жети мамлекеттин экономика тармагынын өкүлдөрү Борбор Азияда электр кубаттуулугун жөндөп туруучу органдын форумун түзүү тууралуу меморандумга кол коюшту. Жыйында экономикалык кызматташтыкка мүчө мамлекеттер аралык электр кубаттуулугу боюнча кызматташууну арттыруу, аталган тармакты реформалоодо тажрыйба алмашуу жана электр кубаттулугун экспорттоону өнүктүрүү маселелери каралды.
Төрт күнгө созулган IV конференцияда транспорт, соода кызматташтыгындагы өлкөлөр ортосундагы проблемалар жана аларды чечүүнүн багыттары талкууга алынды. Транспорт маселеси боюнча долбоордо Борбор Азия мамлекеттерин деңизге чыгаруу, автожол, темир жол каттамдарын куруу каралган. Ал эми соода байланышында Борбор Азия менен Чыгыш азия мамлекеттеринин бажы төлөмдөрүн ыңгайлаштыруу, экономикалык, саясий тоскоолдуктарсыз кызматташуу маселеси көтөрүлгөн.
Азербайжан, Монголия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Орусия, Өзбекстан, Пакистан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык долбоору боюнча жыйын Азия Өнүгүү Банкынын демилгеси менен өттү.