Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Аксылыктар президент Курманбек Бакииевди кызматтан кетүүсүн кайрадан талап кылышууда


БИШКЕК. 6-ноябрда Жалалабат облусунун Аксы районундагы Ак жол айылында, Жаңыжол, Каражыгач айыл өкмөттөрүнүн жана Ташкөмүр шаарынын эки жарым миңден ашуу өкүлөдөрү катышкан митинг болуп, Кыргызстандын элине, жогорку бийликке, маалымат каражаттарына кайрылуу кабыл алынды. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн шайлоочуларынын эле таламдарын көздөбөй, жалпы кыргызстандыктардын таламын талашууга, парламенттин иш аракеттерин элден жашырбай ачык-айкын жүргүзүүгө, массалык маалымат каражаттарын ой-пикирлерди чагылдырууда так, калыс мамиле кылууга чакырык ташталган. Өлкөнүн бардык бийлик бутактары учурдагы экономикалык жана саясий оор абалдан чыгуу үчүн иш аракеттерди жасап, кыргызстандыктар демокаратиялык, укуктук мамлекетте жашоосу керек, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле уюшкан кылмышкерлер жаңы бийликтин колдоосун сезип, мамлекеттик чиновниктер менен кызматташууга баруусу сынга алынган.

Мындан сырткары президент Курманбек Бакиевдин Аксы элине жолгушууга келбегенин, Азимбек Бекназаров менен сыналгыдан түз эфирге чыкпаганын жалганчы жетекчи катарында баалап, мамлекетти башкарууга моралдык укугу жок деп айтылган.

Адам укугун коргоо боюнча Кыргыз комитетинин төрага орун басары
Кубаныч Маматкеримов Аксыдагы митингдин катышуучуларынын койгон талабы тууралуу буларга токтолду:

- Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевден төмөнкүлөрдү талап кылабыз. Биринчиден, конституциялык реформаны тез аранын ичинде турмушка ашыруусун. Экинчиден, өлкөдө түзүлгөн коомдук саясий абалды турукташышы үчүн Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылабыз.

XS
SM
MD
LG