Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Францияда 11 түн катары менен тоз-тополоң уланууда


Париждин түштүк ыптасындагы Григни ооданында сүрмө топ тараптан кагаз ок атылганда, кеминде 10 тартип коргоочу жараат алгандыгы кабарланууда. Тулуз жана башка шаарларда да тополоң орун алып, полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Кечээ эртең менен Франциянын президенти Жак Ширак коопсуздукту жана тартипти калыбына келтирүү - өкмөттүн башкы максаты деп айтты. Ширак 27-октябрда эки өспүрүм бала полициядан жашырынган жеринен токко урунуп өлгөндөн улам башталган тополоңду басууну министрлер менен талкуулагандан кийин билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG