Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Азербайжанда оппозиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты


Азербайжандын негизги оппозициячыл "Азадлик" биримдиги кечээки добуш берүү одоно эреже бузуулар менен өттү деп жарыялады. Расмий жыйынтык чыга элек, Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала эсептөөгө ылайык, бийликтеги “Йени Азербайжандын” алдыда келатканыдыгын билдирүүдө. Шайлоо бекеттеринин дээрлик 50 пайызындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында, Милли Межлистеги 125 орундун 63үн “Йени Азербайжандын” талапкерлери жеңип алды. Көз карандысыз талапкерлер 30 мандатка, ал эми "Азадлик" болгону беш мандатка ээ болууда.

Бул алдын-ала жыйынтык жарыялана электе “Азадликтин” башчысы Али Керимли кабарчыларга шайлоо элдин мүдөөсүн чагылдырбайт, деп билдирди.

“Азадликтин” дагы бир жетекчиси, “Мустага” партиясынын төрагасы Иса Камбар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылмайынча, оппозиция аягына чейин күрөшө тургандыгын бышыктады. “Азадликтин” ырастоосунда , шайлоо өкүлдөрү айрым шайлоо бекеттерине байкоочуларды киргизген жок, айрым жерлерде шайлоочулардын бармагына суу менен жууса эле кетип кала турган боек менен белги салынды.

XS
SM
MD
LG