БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 8-ноябрда өлкө боюнча ала булут каптап турат. Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +15...+20 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн 0...-5 градус суук болот. Күндүз +14...+19 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...+19 градус. Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болот, ал эми чыгыш тарабында болсо -1ден...-6 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Күндүз +8...+13 градустун айланасында жылуу. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз +8...+13 градус жылуу.
Бишкек шаары боюнча түнкүсүн +1...+3, күндүз +17...+19 градус жылуу болот.
Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев менен Бурулкан Сарыгулова даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу