Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Акыйкатчы абактардагы абалды иликтейт


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчы институту түрмөлөрдөгү акыркы окуялдарды өз алдынча иликтөөгө киришүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 7-ноябрда маалымдады. Анын айтымында, бул маселенин айланасындагы жагдай учурда юстиция министри Марат Кайыпов менен бирге талкууланып жатат.

Турсунбай Бакир уулу №31 колонияга юстиция министрлиги тарабынан жасалган штурмалоону сынга алып, муну адам укуктарына кайчы келет деп санаган. Ал эми президент Курманбек Бакиев журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында башкы прокуратуранын токтомунун негизинде жасалган бул атайын чараны колдогон. Түрмөдөгү акыркы жагдайларга байланыштуу расмий маалымат таратыла элек.

XS
SM
MD
LG