Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Рысбек Акматбаевдин соту 9-ноябрда уланат


БИШКЕК. 9-ноябрда 1-май райондук соту оор кылмыш жасагандыгынан шектелген Рысбек Акматбаев баштаган тогуз айыпталуучунун ишин кароону улантат. Аталган адамдар милициянын жооптуу кызматкери Чыныбек Алиевди, Хаважи Заурбеков, Нурлан Бердикеев өңдүү атуулдарды өлтүргөндүгүнөн шектелип жатышат. Буга байланышкан сот иши жарым жылга жакын тыныгуудан кийин 28-октябрда башталган. Бирок жабырлануучу тараптан өкүлдөр толук келбегендигине байланыштуу сот иши кийинкиге жылдырылган. Соттун алгачкы отурумунда айыпталуучу тарап өздөрүнүн күнөөсүз экендигин, аны далилдей алышаарын билдиришкен. Ал эми өлгөндөн кийин генералдык наам ыйгарылган Чыныбек Алиевдин биртууганы Аскер Алиевдин билдиргенине караганда, маркумдун туугандары күнөөлүү адамдын ысымы тезирээк аныкталышына кызыкдар болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG