Кытай жетекчилигинин айтымында, акыркы күндөрдө өлкөдө алты миллион баш канаттуу өлтүрүлдү жана Кытайдын ар башка аймактарында тирүү куш саткан 168 базарды жабуу чечими кабыл алынды. Куш ылаңына каршы Швейцарияда чыгарылган Тамифлу дарысын өндүрүүнү «Роше» фирмасы көбөйтүүгө даярданууда жана 2007-жылы ал - 300 миллион адамды дарылоого жете тургандай чыгарылат. Европа Биримдигинин саламаттык сактоо комиссары Маркос Киприанунун айтымында, Азия мамлекеттерине уюм 36 миллион доллар жардам көрсөтмөй болду, Дүйнөлүк Банктын эсебине караганда болсо, оорунун алдын алуу үчүн 550 миллиард доллар керек.
Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
Эл аралык кечки кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады