БИШКЕК. АКШ “Манас” аэропортунун аймагын ижарага алгандыгы үчүн акы төлөмүн жогорулатуусу, аэронавигациялык тейлөө үчүн акы төлөөсү, Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянынын ордун толтурууну, “Манас” аба майданына туташ Чүй облусуна тиешелүү аймактардан алган ижара акысын көтөрүүнүтышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 4-ноябрда АКШнын Борбордук жана саясат депертаментинин директору, контр-адмирал Роберт Моулер менен болгон жолугушууда билдирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан 8-ноябрда маалымдашты.
Ошондой эле “Манас” аба майданында жайгашкан Ганси атындагы коалициялык күчтөрдүн базасынын инфраструктурасын пайдалануу боюнча техникалык жана финансылык келишимдерди кайра кароо тууралуу биргелешкен билдирүү жасоого макулдашылган. Кыргыз өкмөтү тарабынан көтөрүлгөн кошумча компенсация тууралуу маселени кароо зарылдыгы белгиленген.