Австралия полициясынын айтымында, алар уюштурулуп жаткан ири террордук аракеттин алдын алды. Террорчулар тобу жашынган жерлерге чабуул жасалып, алардын жетекчиси Абу Бакр жараат алып, колго түштү, аны менен кошо дагы 15 адам кармалды. Мелбурн жана Сидней шаарларында уюштурулган чабуулдарга 450 полициячы катышты, операцияга аскерий тик учмалар да тартылды. Кармалган Абу Бакр Алжирде туулган деп айтылууда.