Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Иракта куралдуу кагылышуулар уланып жатат


Ирактын батышындагы Анбар провинциясында, Сирия менен чек аралаш аймакта өкмөттүк күчтөр жашынган лашкерлерге каршы америкалык аскерлердин жардамы менен уюштурулган чабуулду улантууда. Ишембиден бери 36 куралчан адам өлтүрүлгөнү тууралуу айтылууда. Бүгүн болсо Багдад шаарында - сотто мурдагы Саддам Хусейндин адамдарын коргогон эки адвокаттын машинесине ок атылды, алардын бири өлүп, экинчиси жараат алды.

XS
SM
MD
LG