Карасуу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан 42 гектар жерди үй салуу үчүн бөлүштүрүп берүүнү талап кылышкан Папан айыл өкмөтүнүн тургундарынын саны кечекиге караганда бир кыйла өскөндүгү байкалат. Аталган жер участогу Папан айыл өкмөтүнүн карамагында болуп, төлөйкөндүктөргө ижарага берилип келген деп эсептешкен папандык тарап мыйзамдын негизинде адилеттүү чечим чыкмайын эч жака таркабай тургандыктарын жарыя кылышты:
- Төрт балам бар, бардыгы окууну бүтүп, бала-чакалуу. Ошолорго жер алам деп, 2003-жылы архитектурага акчасын төлөп, токтом алганбыз. Ошого кече барсам, жер бөлүп беребиз дегендигинен ушул жерде күтүп отурабыз. Бул жерге келсек жапалактыктар тополоң кылып атышат, – дейт Папан айыл өкмөтүнүн жерге муктаж тургундарынын бири Алима Апишева.
Ал эми аталган жерди папандыктарга бербейбиз деген максатта турушкан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары жер тарыхый жактан бизге таандык жана аны башка адамдарга бербейбиз дешет:
- Биз бул жерде жетим катары калдык. Эмне болуп атасың деген адам жок. Фондубуздун жерин папандыктар талашып, жыл сайын келип атышат. Жерди алып, үч бөлмөлүү үйлөрдү салышып, 45 миңден сатып жиберип кетип атышат.
- Үйгө барып текшергиле, бир тоголок наныбыз жок. Бардык жерди сатып жиберишкен, балдарыбызга иш жок, аргабыз кеткенден чыктык.
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин депутаты Нурлан Мамыров болсо жергиликтүү бийлик адамдарынын адилетсиз чечиминин жана аракетсиздигинин негизинде эки айылдын адамдары тирешкен кырдаал пайда болуп жаткандыгын белгилеп өттү:
- Бул маселе боюнча эки элдин тагдырын, ынтымагын чечүү максатында Бишкекке барганбыз. Атайын биздин депутат Абыжалиловго кайрылганбыз. Ал киши эки күндүн ичинде атайын комиссия түзүп, азыр Ошко комиссия келген. Ошол комиссия чечим чыгара электе эле жогорку бийликтегилер, облустун акимдери элди үгүттөп, ушундай кылып атканы бул чындык.
Талашка түшкөн 42 гектар жер участогунда турушкан папандыктардын жана алардын каршысында турушкан төлөйкөндүктөрдүн арасында бүгүн милиция кызматкерлеринен башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү байкалган жок. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери жетекчи жок болгондугуна байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча маселеге комментарий бере алышпай тургандыктарын билдиришти.