БАТКЕН. 9-ноябрь күнү Баткен шаарына Борбор Азияда иштеп жактан жетимиштен ашык донор уюмдарынын өкүлдөрү келишти. Күндүн биринчи жарымына чейин облустук маданият үйүндө эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү менен Баткен коомчулугу катышкан жыйынды облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов алып барып, ал жерде Евробиримдик, Азия өнүктүрүү банкы, Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы, Дүйнөлүк банк жана башка Кыргызстандын аймагында иш алып барган ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Анда инвесторлордун ишин көзөмөлгө салуу үчүн атайын комиссия түзүү зарылчылыгы, Баткен облусу көптөгөн жардамдарга муктаж экени жана кээ бир донор уюмдар каражат бөлүштүрүүдө Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруша тургандыгы айтылды. Облустук инвестиция жана ишкердүүлүк департаментинен алынган маалыматка караганда, координациялык кеңешменин келишине облус коомчулугунан үч жүздөн ашуун гранттык долбоор-сунуштар топтолгон. Күндүн экинчи жарымында журналисттер үчүн маалымат жыйыны өттү. Донор уюмдарынын өкүлдөрү эртең 10-ноябрда облустун башка шаар, райондорун кыдырышат.
Баткенде Борбор Азия өлкөлөрүндө иштеп жаткан донор уюмдардын координациялык кеңешмеси өттү