Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Нааразылыкка чыгышкан маркум Баяман Эркинбаевдин жакындары менен облус жетекчилги жолукту


ЖАЛАЛАБАТ. 9-ноябрда губернатор Жусупжан Жээнбеков баштаган бийлик башчылары менен аксакалдар Баяман Эркинбаевдин туугандарынын талаптарын угушту. Маркум депутаттын туугандары президент Курманбек Бакиевдин келүүсүн, Баяман Эркинбаевди өлтүргөндөрдү таап, камалган жана издөөдө жүргөн 11 тарапкерине каршы иш-чараларды токтотууну, буйрутма киши өлтүрүүлөргө чек коюп, адам укугун коргоону, Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына чабуул жасагандарды да жоопко тартып, депутаттын курал-жарактары менен менчиктерин кайтарып берүүнү талап кылышты. Баямандын өлүмү боюнча кылмыш иштери натыйжасыз болуп, президентке чеийнки кайрылууларына жооп болбогонун билдиришти. Бийлик өкүлдөрү аларды облусту кайрадан саясий акциялардын аймагына айлантпоого жана акцияны токтотууга чакырышып, акциядагылардын талаптарын аткарууга убакыт керектигин түшүндүрүштү. Боз үйдөгүлөр сунуштарга макул болбой, алардын өкүлү бензинди чачып жиберээрде сүйлөшүүгө баргандар боз үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Аянтка экинчи боз үй тигилип, андагылар 4 жылга соттолгон Өмүрбек Батыровду бошотууну, Ош шаардык жана облустук соттун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Нааразы болгондордун саны отуз адамдан ашты.

XS
SM
MD
LG