БИШКЕК. Келээрки жылдын бюджетинен Акыйкатчы институту бюджеттен 23 млн. сом каражат сурап жатат. Бирок каржы министрлиги бул укук коргоочу институтка 16 млн. сом жетиштүү деген пикирде. Ал эми институт 25 млн. сом сураган. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун маалыматына караганда, өткөн жылы бөлүнгөн каражат негизинен Омбудсман аппаратын техникалык жабдуулар менен камсыздоого, институттун жергиликтүү бөлүмдөрүн ачууга, чет өлкөлөргө жана өлкө ичиндеги кызматтык иш-сапарларга, атуулдардын арыздары боюнча териштирүү иштерине жумшалды. Омбудсман аппаратында 88 адам иштеп, орточо эмгек маянасы 3 миң сомду түзөт.