9-ноябрда эрте менен Казакстандын Байкоңур космодромунан Орусиянын «Союз» ракетасы “Чолпон-экспресс” европалык космостук зонду менен учурулду. Эсептер боюнча, Күн системасындагы Жерге жакынкы планетага аппарат беш айдан кийин жетет. Бул Чолпонго карай учурулган Европа Биримдигинин алгачкы аппараты жана ал Чолпондун атмосферасын беш жүз күн бою иликтөөгө алат. Долбоорго 220 миллион евро жумшалып, ага үч жылдан бери даярдык көрүлгөн. Америкалык аппарат “Магеллан” 1989-жылы учурулган.
Сонку эл аралык кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады
Сонку эл аралык кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады