Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Египетте парламенттик шайлоонун алгачкы айлампасы өттү


Египетте парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы өтүүдө. Каир жана анын айланасындагы аймактардагы шайлоочулар 164 депутаттык орунга 1500 талапкерлер ичинен тандоо жүргүзөт. Өлкөнүн калган аймактарында добуш берүү ноябрдын жыйырмасында жана декабрь айынын биринде болот. Бийликтеги Улуттук демократиялык партия эски парламентте 85% орунду ээлеп келген жана бул ирет да андан кем эмес орунга ээ болот деп күтүлүүдө. Оппозиция өкүлдөрү 23 орунга ээ болоору күтүлүүдө. Бул аларга келерки президенттик шайлоодо өз талапкерин алып чыгууга укук берет.

XS
SM
MD
LG